Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). - Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, -деди Кыяз (Эшмамбетов).
Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо, же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). – Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, – деди Кыяз (Эшмамбетов). В.: Баштан кулак садага. – Суранбай ал атымдын жал-куйругун алтындап алып келсе да албаймын. Баштан кулак садага! (Сыдыкбеков). Башы-көздөн садага. Жоголсо мейли, баштан-көздөн садага, – деп, анын көңүлүн улап койду (Тойбаев). Башка садага. Мейли мал-башка садага («Кыргызстан маданияты»).